Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 19:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстанда талапка жооп бербей турган 111 клиника жабылат

18.05.2022 19:09
525
Кыргызстанда талапка жооп бербей турган 111 клиника жабылат

Кыргызстанда лицензиялык талаптарга туура келбеген 111 жеке клиника жабылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, республика боюнча жалпы 370 клиника текшерилген.


Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча лицензиянын жоктугу, лицензиясыз жүргүзүлүп жаткан медициналык ишмердүүлүк, лицензияга ылайык даректин туура келбегендиги боюнча 111 клиниканы жабуу актысы түзүлдү. Ал эми инфекциялык текшерүүнүн стандарттарына туура келбеген 148 жеке клиникага мыйзамга ылайык айып салынат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн