Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:37
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанда тогуз айда 72 өспүрүм өз жанын кыйган, - ИИМ

27.10.2020 19:15
770
Кыргызстанда тогуз айда 72 өспүрүм өз жанын кыйган, - ИИМ


Кыргызстандын аймагында ушул жылдын 9 ай ичинде 72 өспүрүм өз жанын кыйган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, өз өмүрүнө кол салган өспүрүмдөрдүн ичинен 51си балдар болсо, 21и кыздар болгон. 


"Өзүнө өзү кол салууга балдардын көйгөйлөрүнө улуулардын көңүл кош мамилеси, анын ичинде  баланын аң-сезимине оор таасир берген үй-бүлөлүк чыр-чатактар түрткү болууда", - деп айтылатм аалыматта. 


ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери кароосуз, багуусуз калган балдарды аныктоо, жашы жете электердин арасында укук бузууларды жана коомго каршы аракеттерди болтурбоо боюнча иштерди жүргүзүп келет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн