Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 08:08
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Кыргызстанда цемент экспорттоо 3,4 эсеге кыскарды

16.06.2020 11:32
990
Кыргызстанда цемент экспорттоо 3,4 эсеге кыскарды


Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстанда жыл башынан бери цемент экспорттоо 3,4 эсеге кыскарды.


Эске салсак, эң башкы курулуш материалы эсептелген цемент “курулуштун наны “ деген аталышка ээ. Цемент жана бетон жер шарында суудан кийин эле эң керектелүүчү ресурс болуп саналат.


Дүйнөдө 156 өлкөдө жыл сайын 3,5 миллиард тоннадан ашык цемент өндүрүлөт. Арийне, цемент өндүрүшүнүн 70%ы негизинен планетанын 70% калкы жашаган 10 өлкөдө жайгашкан. Ал эми Кыргызстандагы 6 цемент заводунда жылына 1,5-1,7 миллион тоннага чейин цемент өндүрүлөт. Бул колдо бар кубаттуулуктардын 60%ын түзөт.


Ал эми өлкөбүздүн тышкы соода жүгүртүүсү жылдын алгачкы төрт айында 1 миллиард 753,9 миллион сомду түзүп, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,1 пайызга азайган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн