Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:58
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргызстанда вирус майдын башында басаңдайт деген прогноз айтылды

17.04.2020 18:41
2981
Кыргызстанда вирус майдын башында басаңдайт деген прогноз айтылды


Ультра-фиолеттик нурлар вируска абдан чоң таасирин тийгизет. Кыргызстанда күн абдан жакшы тиет, ошондуктан апрелдин аягында, майдын башында басаңдайт деген прогноз бар, деп билдирди вирусология боюнча адис, профессор, ветеринария илимдеринин доктору, Кыргыз Агрардык университетинин ректору Рысбек Нургазиев жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде.

Анын айтымында, ысык мамлекеттердин да ар кандай климаттык өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, ысык болгону менен нымдуулугу жогору мамлекеттер бар, мисалы Таиланд, Индия, Мексика ж.б. Бул жерде көп фактор бар.

Биринчиден бизде Кыргызстанда жана бүт дүйнөдө жүрүп жаткан санитардык карантиндик чаралар бир жардам берет. Экинчиси, Бишкек шаары деңиз деңгээлинен 800 метр бийик турат. Ысык-Көл, Нарын жакта миң метрден жогору кетет. Улам жогорулаган сайын ультра-фиолеттик нурдун күчү да жогору болот. Вирусту бат эле, эки-үч сааттын ичинде эле өлтүрөт. Мисалы, картондо эки-үч күн, пластикте беш күн сакталат деп айтып жатпайбызбы. Эгер пластик деле күндө турган болсо, эки-үч саатта жок болот”, - деди Нургазиев.

Биздин өлкөдө аба ысык жана кургак келет. Ысык жана кургак климат вирустарга катуу таасирин тийгизет. Ошондуктан бизде күн жылыган сайын мурунку грипп оорусу сыяктуу эле басаңдайт деп ойлоп жатабыз”, - деди профессор. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн