Бүгүн билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө суу ресурстары, климаттын өзгөрүшү жана экология тармагындагы илимий изилдөөлөргө өзгөчө басым жасоо менен билим берүү жана илим чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө байланышкан маселелер талкууланды.
Мындан тышкары, тараптар Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлор үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле экология, агрокультура жана айыл чарба жаатындагы билим берүү программаларын өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты.
Ошондой эле жолугушууда жогорку окуу жайларындагы дипломдорду жана илимий даражаларды өз ара таануу жөнүндө макулдашууга кол коюу мүмкүнчүлүгү каралды.
Тараптар Кыргызстандын аймагында Өзбекстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын филиалдарын ачуу, эки өлкөнүн билим берүү системаларынын ортосунда тажрыйба алмашуу, ректорлордун форумун уюштуруу, билим берүү процесстерин санариптештирүү, ошондой эле студенттер үчүн виза алууда жана жашаган жери боюнча каттоодо көмөктөшүү жөнүндө сөз кылышты.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы билим берүү жана илим жаатындагы байланыштарды андан ары өнүктүрүү үчүн эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөнү улантуу ниеттерин билдиришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн