Кулжа 17, 2025
Убакыт: 12:20
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 18-майда башталат

08.05.2024 17:58
362
Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 18-майда башталат


Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 18-майда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖОЖдорго тапшыра турган абитуриенттер үчүн жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан 25-июнга чейинки убакыт аралыгында өтөт.

Адаттагыдай эле ЖРТ 3 этап менен өткөрүлөт:
I этап - 18, 19, 20-майда;
II этап - 22, 23, 24-майда;
III этап - жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган бүтүрүүчүлөр үчүн 21, 22, 23-июнда.

Ал эми 17-май, 21-май, 20-июнда тест борборлору даярдалат. 

Эскерте кетсек, каттоого жетишпей калган бүтүрүүчүлөр үчүн 17, 21-май жана 20-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн