Кыргызстанда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн астыңкы кабатына бала бакча ачууга уруксат берилди. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Анын айтымында, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жаңы курулуш нормасын кабыл алды.
"Ага ылайык, Кыргызстанда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн астыңкы кабатына бала бакча, же баланы эрте өнүктүрүү борборлорун ачууга болот. Бул бала бакча бизнесин өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн