Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда жер титирөөдөн урап түшкөн объектилер аныкталган жок

24.01.2024 09:30
195
Кыргызстанда жер титирөөдөн урап түшкөн объектилер аныкталган жок


Кыргызстанда жер титирөөдөн урап түшкөн объектилер аныкталган жок. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык-чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамкурулуш агенттиги тарабынан жалпысынан өлкө боюнча 78 объект каралып, анын ичинен 50дөн ашууну жарандардан жарака пайда болуу жөнүндө келип түшкөн маалыматтар боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектура курулуш контролдоо башкармалыгы жана Мамкурулушка караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун кызматкерлери менен биргеликте визуалдык кароо учурунда урап калган, же көчүп түшүп жашоочулардын мындан аркы жашоо шартына коркунуч жараткан объектилер аныкталган жок.

"Бүгүнкү жер титирөөгө негизинен Бишкек шаары жана анын айланасындагы курулуштар толугу менен туруштук берди. Ал эми жарандарыбыз жиберген жаракалар курулуштун негизги стандарттарынын бузулушуна дал келбейт. Шыбактын, бөлмөлөрдүн бөлүкчөлөрү, жер кыртышынын чөгүүсүнөн жана башка оорчунду курулушка тиешелүү иштер катталган жок", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн