Бугу 10, 2024
Убакыт: 20:21
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандагы ар улуттун өкүлдөрү: Ковидди саясат менен эмес, ынтымак менен жеңебиз!

16.07.2020 15:39
2992
Кыргызстандагы ар улуттун өкүлдөрү: Ковидди саясат менен  эмес, ынтымак менен жеңебиз!


Кыргызстандагы азыркы пандемиялык абал ар бир кыргызстандыкты ойлонтуп, кабатыр кылып аткан кез. Коронавирустан батыраак арылып, жай турмушка кайтууну ар бир жаран тилеп, каалап атат. Илдет кѳп улуттуу Кыргызстандын элинен биригүүнү, ынтымакка келип, ооруга каршы биргеликте күрѳшүүнү талап кылууда.


Ѳлкѳбүздѳгү ар кандай уюмдар, мекемелер да четте калбай элди ынтымакка чакырышууда. Алардын ичинде башка улут ѳкүлдѳрүнүн коомдору, уюмдары да бар. Кыргызстан калкынын Ассамблеясы менен бир катар улуттук диаспора ѳкүлдѳрү кыргызстандыктарга  атайын  Кайрылуу менен чыгышты.


Кайрылууда ѳлкѳнү каптаган апаатты биримдик жана ынтымак менен жеңүүгѳ болорун белгилешкен. Бул тууралуу Кайрылууда тѳмѳнкүдѳй деп айтылат:


«Кыргызстандын эли  биримдик менен гана коронавирус илдетин жеңип, бул оор мезгилден чыга алабыз! Илдеттин жайылуусуна күнѳѳлүүлѳрдү аныктап, алардын мыйзам чегинде жоопкерчиликтерин карап алууга убакыт болот. Азыркы учурда илдеттен аманчылыкта, аз ѳлүм житим менен чыгуу, жайылуусун токтотуу – биздин башкы максатыбыз болушу керек».


Кайрылууда ошондой эле илдеттен саясат жасоого аракет кылгандарды айыптоо менен бирге ковид Кыргызстандагы кээ бирлер үчүн саясий пайда болсо, мамлекетке оор сыноо, элге азап болгону белгиленген.


Ошону менен катар жарандарда жоопкерчилик болбой атканына токтолушуп, ар бир жаранды ѳзүнѳ, жакындарына жоопкерчиликте болушу керектигин белгилеп ѳтүшкѳн:  «Ѳкүнүчтүүсү, Кыргызстандын жарандарына  ѳзүнѳ, үй-бүлѳсүнѳ, жакындарына болгон жоопкерчилик жетишпей жаткансыйт. Элибиздин бир бѳлүгүнүн карантиндик талаптардын так аткарбагандыгы да вирустун жайылуусун шарттады. Ѳкмѳттѳн, бийликтен жоопкерчиликти талап кылуудан мурда пандемиянын алдында ар бирибиз жоопкерчиликти бекем карманалы», - деп айтылат Кайрылууда.


Кайрылуунун соңунда ар бир жаранды илдетти жеңүүгѳ салым кошууга чакырышкан: «Биз Кыргызстандын  элине кайрылып, бүгүнкү оор күндѳрү биримдикте, ынтымакта болууга чакырабыз! Карантиндик талаптарды ар бирибиз бекем сактап, ѳз саламаттыгыбызга, ѳмүрүбүзгѳ жоопкерчиликте мамиле кылуу аркылуу коронавируска каршы күрѳшүүгѳ  салымыбызды кошолу! Ар кандай чакырыктарга  азгырылбай сабырдуу бололу!


Биримдик менен баарын жеңсе болот! Коронавирусту да биримдик менен жеңебиз!»


Кайрылууга тѳмѳнкү диаспоралар кол коюшкан:


1.     Кыргызстан калкы Ассамблеясынын тѳрагасы А. Эркебаев;

2.     «Олонхо» коомдук уюму (Кыргызстандагы якуттардын диаспорасы), Т. Исмаилова;

3.     Кыргызстан калктарынны Ассамблеясынын жаштар канаты, Н. Т. Бейшебаев;

4.     «Тунга тел» татар-башкыр маданий борбору» коомдук бирикмеси, А. Муратова;

5.     Кыргыз Республикасындагы корейлердин коомдук бирикмеси, В. Хан;

6.     «Кыргызстандагы дунган этникалык коомунун Ассоциациясы», А.Л. Юсуров;

7.     «Минги Тау» коомдук бирикмеси (Кыргызстандагы балкарлардын диаспорасы) Р.Ю. Чигиров

8.     «Ахыска Турки» коомдук бирикмеси (Кыргызстандагы түрк диаспорасы) А.Л. Дурусов;

9.     «Кыргыз Республикасындагы «Иттипак» уйгурлардын коому» коомдук бирикмеси, А.Т. Касымов,

10.    «Кыргызстандагы казактар Ассоциациясы» коомдук бирикмеси, Г. Асылбаева;

11.    «Гармония» орус маданий борбору» коомдук бирикмеси, А. Степанюк;

12.     «Кыргызстандагы «Арарат» армян диаспорасы» коомдук бирикмеси, С. А. Балян;

13.      Кыргызстандагы немецтердин Кеңеши, В. Диль;

14.      Кыргыз Республикасындагы белорустардын «Свитанак» коомдук бирикмеси, А. Шут;

15.      Кыргызстандагы грузиндердин диаспорасы, Н. Киквадзе;

16.       Ѳзбек улуттук маданий борбору, Б.С.Кадыров;

17.       Кыргызстандагы афган диаспорасы, М.С.Сардар;

18.       Кыргызстандагы болгарлардын диаспорасы, Л. Ташматова;

19.       Кыргызстандагы «Менора» еврей маданий бирикмеси, В.Крицман;

20.        Кыргызстандагы украиндердин диаспорасы, В.Нарози;

21.        «Этникалык кыргыздардын Ассоциациясы», М.Т. Абдуллаев

22.          Кыргызстандагы татарлардын диаспорасы, Г.Х.Гульнасова;

23.          Кыргызстандагы поляктардын диаспорасы, Слензак-Бегалиев З.;

24.          Кыргызстандагы тажиктердин Ассоциациясы, Р. Сабиров;

25.          Кыргызстандагы чехтердин диаспорасы, А. Кирал.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн