Бугу 09, 2024
Убакыт: 09:17
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

«Кыргызстандагы биосфералык аймактар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр кирди

16.03.2020 09:05
801
«Кыргызстандагы биосфералык аймактар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр кирди


Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 


Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 5-февралында кабыл алынган.


Мыйзамдын максаты Кыргызстандын биосфералык аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жеткире иштелбегендери жана кемчиликтери болгон бир нече себептерди жоюуга, жаратылышты пайдалануунун жана айлана-чөйрөнү коргоонун ченемдеринин, эрежелеринин жана чектөөлөрүнүн бирдиктүү механизмин иштеп чыгууга жана «Ысык-Көл» биосфералык чөйрөнү жигердүү жана туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылууга багытталган.


Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн