Акылбек Жапаров: "Кыргызстандын бюджетин 16 миллиард сомдон 48 миллиард сомго көтөргөм, "Кумтөрдөн" казынага 1200 миллиард доллар түшүргөм",-дейт го...
Кайсыл убакта жасап жүрөт? Курган кыргыздар Акылбек Жапаровдун кадырын билбей, эл үчүн жасаган эмгегин баалай албай ит болгон окшойбуз. Мунубузду Кудай кечирбей революция болуп жаткан жокпу? 5-октябрдан кийин Акылбек Жапаровду эмес, адашып Садыр Жапаровду президент кылып алган эмес белек? Бир оңосо Жапаров оңочудай. Мамлекеттен бир тыйын жебей, миллиарддаган доллар казынага түшүрүп жаткан "феноменди" жаңылып "паразит" деп жүрөбүз. Кыргыздын бактысына жаралган көрүнөт. Бөпөлөп, бапестеп, көздүн карегиндей сактабасак болбойт.
Алмаз Темирбек уулу
Пикирлер (3)