Тогуздун айы 16, 2025
Убакыт: 13:26
USD
87.30
87.80
EUR
101.50
102.50
RUB
1.100
1.130

Кыргызстандык аскерлер Өзбекстанда машыгууларга катышууда

16.10.2025 09:36
31
Кыргызстандык аскерлер Өзбекстанда машыгууларга катышууда


Өзбекстандын Самарканд облусундагы "Каттакурган" полигонунда Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аскер кызматкерлери катышкан ири биргелешкен машыгуулар өтүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Регионалдык машыгуулар "Биримдик-2025" деп аталды. Анын негизги максаттары – дүйнөдө геосаясий чыңалуу күчөп, жаңы коркунучтар жана чакырыктар пайда болгон шартта өлкөлөр ортосундагы аскердик кызматташтыкты жана өнөктөштүктү чыңдоо болуп саналат.


Машыгуулардын алкагында артиллерия, учкучсуз учуучу аппараттар, бронетехника жана башка курал-жарактар колдонулуп, окутуу-согуштук тапшырмалар аткарылат.


Мындан тышкары, Самарканд шаарында Борбор Азия мамлекеттери менен Азербайжандын коргоо министрлеринин алгачкы жолугушуусу өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн