Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Елизавета Печерских Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу эркин стилде 50 м аралыкка сүзөт. Буга чейин сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов биринчилерден болуп Олимпиадага жолдомо алган эле.
Ошентип, Кыргызстандан Олимпиада оюндарына катыша турган спортчулардын саны 16га жетти. Алар:
Сууда сүзүү:
- Денис Петрашов;
 - Елизавета Печерских.
 
Дзюдо:
- Эрлан Шеров;
 - Айбек Кубанычбек уулу.
 
Бокс:
- Сейитбек Мунарбек уулу.
 
Грек-рим күрөшү:
- Акжол Махмудов;
 - Жоламан Шаршенбеков;
 - Амантур Исмаилов;
 - Үзүр Жусупбеков;
 
Эркин күрөш:
- Эрназар Акматалиев;
 - Бекзат Алмаз уулу;
 - Айаал Лазарев;
 
Кыз-келиндер күрөшү:
- Айсулуу Тыныбекова;
 - Айпери Медет кызы;
 - Мээрим Жуманазарова.
 
Жеңил атлетика:
- Сардана Трофимова.
 
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн