Бугу 10, 2024
Убакыт: 04:46
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргызстандык экс-рефери Нурдин Букуев Гиннес китебине кирди

29.09.2023 17:04
475
Кыргызстандык экс-рефери Нурдин Букуев Гиннес китебине кирди


FIFA уюмунун футзал боюнча экс-рефериси кыргызстандык Нурдин Букуев Гиннестин рекорддор китебине киргенин Кыргыз футбол союзу кабарлады.


Маалыматта Букуев футзал боюнча дүйнө чемпионаттарында тейлеген оюндарынын саны боюнча рекорд коюп, ушундай көрсөткүчкө жеткен алгачкы рефери болгону айтылат. Анын эсебинде Бразилия-2008, Таиланд-2012, Колумбия-2016 жана Литва-2021 чемпионаттары бар. Гиннес сертификаты 21-ноябрда тапшырылат.


"Букуев акыркы ирет FIFA уюмунун рефериси катары 2021-жылы Литвада өткөн дүйнө чемпионатынын финалына калыстык кылган. Анда Аргентина менен Португалия беттешкен. Натыйжада Португалия жеңишке жетишип, сыйлоо аземинде Букуев баштаган калыстардын бригадасы Жанни Инфантинонун колунан сыйлык алган", — дешти Кыргыз футбол союзунан.


Кыргызстандык адис карьерасын 1996-жылы баштап, 2006-жылы эл аралык категориядагы арбитр болгон. Өз эмгек жолунда бир катар эл аралык жана улуттук деңгээлдеги беттештерди тескеген. Бүгүнкү күндө Букуев Кыргыз футбол союзунун баш катчысы болуп эмгектенет. Даңк медалынын ээси.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн