Кыргызстандык медиктер коопсуздук эрежелери боюнча аралыктан окуп жатышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Министрликке медицина кызматкерлери жеке коргоочу каражаттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелери боюнча окутулганбы жана алар кантип жок кылынат деген суроо түшүп, алар төмөндөгүдөй жооп узатышкан:
"Биздин жугуштуу оорулар адистерибиз, эпидемиологдор медицина кызматкерлерди аралыктан окутууну ишке ашырып жатышат. Мындан тышкары, Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму жана Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай коомунун колдоосу менен медиктерге окутуучу маалыматтык материалдар басылып чыгарылып, таратылып берилген", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн