Кулжа 18, 2024
Убакыт: 18:33
USD
86.90
87.80
EUR
93.40
94.40
RUB
0.955
1.000

Кыргызстандык окуучулар Авиценна атындагы эл аралык олимпиадада 7 медаль жеңип алышты

14.06.2024 16:58
171
Кыргызстандык окуучулар Авиценна атындагы эл аралык олимпиадада 7 медаль жеңип алышты


Кыргызстандык окуучулар Авиценна атындагы (AIBO) биология боюнча эл аралык олимпиадада 7 медаль жеңип алышты.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен экөө күмүш медаль жана бешөө коло медаль.

Күмүш медаль ээлери:

  • Данияр Гаипов, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу;
  • Байзак Карыпжанов, “Манас Ата” Талас лицейинин окуучусу;

Коло медаль ээлери:

  • Арсений Виноградов, Жайыл баатыр атындагы Кара-Балта лицейинин окуучусу;
  • Азирет Анварбеков жана Нурсултан Нусувалиев, Х.Карасаев атындагы Каракол лицейинин окуучулары;
  • Алан Кошмуратов, “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу;
  • Дмитрий Рубан, Бишкек шаарындагы №65 лицейинин окуучусу.

Белгилей кетсек, 9-14-июнь күндөрү Бухара шаарында өткөн эл аралык олимпиадага 18 өлкөдөн 100дөн ашуун окуучу катышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн