Теке 18, 2024
Убакыт: 23:41
USD
84.70
85.60
EUR
92.30
93.30
RUB
0.950
0.985

Кыргызстандык жаран Өзбекстанга дээрлик $21 миң чыгарып кетүүгө аракет кылган

25.09.2023 11:25
297
Кыргызстандык жаран Өзбекстанга дээрлик $21 миң чыгарып кетүүгө аракет кылган


Кыргызстандын жаран "Достук-автожол" өткөрүү бекети аркылуу Өзбекстанга дээрлик 21 миң доллар алып чыгууга аракет кылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик коммитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мааалыматка ылайык, 22-сентябрда саат 09:00дөр чамасында 1988-жылы туулган жаран Н.С. өткөрүү жайына келген. Чек ара көзөмөлдөн өтүү учурунда анын жанынан ири суммадагы чет элдик валюта - 20 900 АКШ доллары табылган.

Бул жаран валютаны бажы мыйзамын кайгып өтүп, акча каражаттарын декларациядан өткөрбөй туруп алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран жана акча каражаттары андан ары териштирүү иштери жүргүзүлүшү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн