Министрлер кабинети май айындагы майрамдарга байланыштуу эс алуу күндөрү тууралуу токтомду коомдук талкууга койду.
Ага ылайык, кыргызстандыктар 1-9-май күндөрү катары менен эс алат. Ал эми 4-майдагы (шаршемби) жумушчу күн 30-апрелге (ишемби), 6-майдагы (жума) жумушчу 14-майга (ишемби) которулат.
Май айында Эмгекчилердин эл аралык күнү, Конституция күнү, Жеңиш майрамы бегиленет.
Ошондой эле быйылкы Орозо айт дагы май айынынын башында болот.Анын датасы азырынча тактала элек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн