Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 15:23
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстандын Эмгек сиңирген дарыгери Ж.Тазабекова коронавирустан көз жумду

30.06.2020 13:51
1086
Кыргызстандын Эмгек сиңирген дарыгери Ж.Тазабекова коронавирустан көз жумду

 

Кыргызстандын Эмгек сиңирген дарыгери, Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча медицина кызматкери Тазабекова Жамал Исмаиловна коронавирустан каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз өкүлү билдирди.


Маалыматка ылайык, 30-июнга карата өлкөдө коронавирус инфекциясынан 7 бейтап каза болду. Алардын бири 70 жаштагы Эмгек сиңирген дарыгер, Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча медицина кызматкери Тазабекова Жамал Исмаиловна болгон. Маркум Ош шаардык клиникалык ооруканасында көз жумган.


Белгилүү болгондой, дарыгер кызматтык милдетин аткарып жүрүп COVID-19 илдетин жугузуп алган. 22-июнь күнү Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.


Тазабекова Жамал Исмаиловна 1949-жылы 16-декабрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган, улуту кыргыз, үй-бүлөлүү, 2 баланы энеси, жогорку медициналык билимдин ээси.


1982-жылдан тартып ИИМдин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусунун медицина кызматынын бейтапкана жана дарылоо борборунунда эмгектенип келген.

“Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги маркумдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн