Бирдин айы 12, 2025
Убакыт: 19:35
USD
87.30
87.80
EUR
90.50
91.50
RUB
0.920
0.945

Кыргызстандын ИДПсы 2025-жылдын январында 96,8 млрд сомду түздү

10.02.2025 15:12
104
Кыргызстандын ИДПсы 2025-жылдын январында 96,8 млрд сомду түздү


2025-жылдын январында республиканын экономикасы негизги көрсөткүчтөр боюнча өсүштүкөрсөттү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева брифингде билдирди.


Анын айтымында, 2025-жылдын январь айында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 96,8 миллиард сомду түзүп, 2024-жылдын январь айына салыштырмалуу 10,6 пайызга өскөн.


Анын айтымында, 2025-жылдын январь айында өнөр жай продукциясынын көлөмү 46,6 миллиард сомду түзүп, 2024-жылдын январына салыштырмалуу 10,7 пайызга өстү, ал эми тазаланган мунайзаттарын өндүрүү 2,4 эсеге, тамак-аш азыктары (анын ичинде суусундуктар) жана тамеки буюмдары 1,6 эсеге, химиялык заттар жана курулуш материалдары 1,5 эсеге жана фармацевтика продукциясы 33,7%га, резина, пластмасса буюмдары жана курулуш материалдары 20%га, текстиль өндүрүшүндө, тигүү өндүрүшүндө 4,2%га, тоо-кен өндүрүшүндө 2,5%га өскөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн