Бугу 07, 2024
Убакыт: 15:03
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Ален Берсеге ишеним грамотасын тапшырды

13.01.2023 09:51
332
Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Ален Берсеге ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын Швейцария Конфедерациясындагы элчиси Омар Султанов Швейцариянын президенти Ален Берсеге ишеним каттарын тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Швейцариянын президенти Кыргызстандын менен Швейцария ортосунда бекем байланыштар бар экенин, техникалык кызматташтык, узак мөөнөттүү өнөктөштүк жана Бреттон-Вудс институттарынын алкагында өз ара аракеттенүү ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.


"Ален Берсе менен болгон маекте Омар Султанов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өлкөнүн тышкы карызын жашыл демилгелерге алмаштыруу демилгеси жана тиешелүү өнөктөш өлкөлөргө жана эл аралык донор уюмдарга кайрылуусу тууралуу маалымат берди", - деп айтылат билдирүүдө.


Швейцариянын президенти Ален Берсе жашыл экономиканы өнүктүрүүгө чоң кызыгуу менен эки өлкөнүн бул жааттагы жалпы умтулууларын жана артыкчылыктарын белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн