Кыргызстандын улуттук футбол федерациясы World Boxing уюмуна расмий түрдө кошулду. Бул тууралуу World Boxing уюмунун басма сөз кызматы билдирди.
Уюмдун маалыматына ылайык, уюм Кыргызстандан сырткары дагы Андорра, Бельгия, Ирак, Литва, Мадагаскар жана Тайланддагы бокс боюнча улуттук федерацияларынын жети арызын жактырган.
Бардык өтүнмөлөр Бүткүл дүйнөлүк бокс Аткаруу кеңеши тарабынан жактырылып, азыркы учурда World Boxing уюмуна мүчө болгон улуттук федерациялардын саны 51ге көбөйдү.
Бүткүл дүйнөлүк бокс уюмунун президенти Борис ван дер Ворстанын айтымында, аталган уюмга 51 улуттук федерациянын кошулушу чоң маанини берет.
“Бул эл аралык бокста өзгөрүүгө болгон умтулуунун да, ошондой эле көптөгөн улуттук федерациялар тарабынан бокс мындан ары да Олимпиада оюндарынын бир бөлүгү болуп кала бериши керектигин кеңири тааныганынын күчтүү далили”, — деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн