Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунда чемпион болуп, экинчи дивизионго көтөрүлдү.
Турнир Түркиянын Стамбул шаарында өттү.
Ата мекендик спортчулар өздөрүнүн тайпасындагы командалардын бардыгын "оңдурбай" жеңген:
- Кыргызстан 5:2 Түштүк Африка Республикасы;
- Кыргызстан 6:0 Люксембург;
- Кыргызстан 5:1 Босния жана Герцеговина;
- Кыргызстан 8:1 Түркмөнстан;
- Кыргызстан 3:1 Түркия.
Эми Кыргызстандын курама командасы кийинки жылы дүйнө чемпионатынын экинчи дивизионунун В тобунда күч сынашат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн