Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 06:19
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстандын ички дүң продуктусу 1 триллион сомдон ашты

28.11.2023 13:18
667
Кыргызстандын ички дүң продуктусу 1 триллион сомдон ашты


Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин расмий сайтындагы атайын эсептегичтеги маалыматтар учурда 1 триллион 21 миллиард сомдон ашып, дагы да өсүп жатат.

Белгилей кетсек, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ИДП өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхында, биринчи жолу 1 триллион сомдун чегинен өтөөрүн билдирген.

“2023-жылы калктын жан башына ИДПнын көлөмү 1900 долларды түздү. Былтыр 1665 доллар болчу, салыштырганда акыркы 3 жылда 669 долларга өстү. Ошол эле 2010-2020-жылдарды алсак, 10 жыл аралыгында алсак өсүү 311 долларды түзгөн”, - деп белгилеген Акылбек Жапаров

Бул сандар экономикалык өсүштү айкын көрсөтүп турат, ошол эле учурда Акылбек Жапаровдун айтымында, "бул жетишкендиктер келечекте коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүн камтыйт жана калктын реалдуу турмуш деңгээлин олуттуу жогорулата турган мындан да чоң өсүштөрдү көрсөтөт".

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн