Тогуздун айы 05, 2024
Убакыт: 08:20
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү акырындык менен азаюуда, - министрлик

04.09.2024 13:16
971
Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү акырындык менен азаюуда, - министрлик


Финансы министрлигинин болжолдоосуна ылайык, Кыргызстандын АКШ долларында мамлекеттик тышкы карызынын көлөмү акырындык менен азаюуда.

Документте 2024-жылы тышкы карыздын көлөмү 4,7 млрд долларды түзсө, 2029-жылы 4 млрд долларга чейин төмөндөй тургандыгы айтылат.

Сом эквивалентиндеги мамлекеттик тышкы карыздын көлөмү АКШ долларынын алмашуу курсунун таасирине көз каранды. Макроэкономикалык болжолдорго ылайык, кийинки жылдары алмашуу курсунун өсүү динамикасы уланат, бул өз кезегинде сом менен туюнду рулган мамлекеттик тышкы карыздын көлөмүнө да таасирин тийгизет.

Ошондой эле документте мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө чыгымдардын өсүү тенденциясы белгиленет, бул мурда тартылган зайымдар боюнча негизги суммаларды төлөө мөөнөттөрүнүн келиши менен байланыштуу.

Ошентип, 2025-2029-жылдарга болжолдонгон мезгилде мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө чыгымдардын жалпы суммасынан 85%дан ашыгын карыздын негизги суммасын тындырууга багыттоо пландалууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн