Бугу 05, 2024
Убакыт: 14:33
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандын улуттук курама командасынын дарбазачысы түркиялык клубга өттү

11.07.2023 14:12
1062
Кыргызстандын улуттук курама командасынын дарбазачысы түркиялык клубга өттү


Кыргызстандын улуттук курама командасынын дарбазачысы Эржан Токотаев Түркиянын экинчи дивизионунун “Шанлиурфаспор” клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунун басма сөз кызматы билдирди.


Улуттук кураманын дарбазачысынын жаңы клубу быйыл үчүнчү дивизиондон экинчиге өттү. Команда 22 оюнда жеңишке жетип, 9 жолу тең чыгып, 5 жолу жеңилүү ызасын тартып, турнирдик таблицада экинчи орунга чыкты.


Өткөн сезондо Токотаев "Каспий" клубунда Казакстандын чемпионатында ойногон. Июль айынын башында казакстандык клуб дарбазачынын кеткенин жарыялаган — келишим эки тараптын макулдашуусу менен токтотулган.


"Каспийге" чейин дарбазачы Казакстандын экинчи лигасынын «Туран» клубунда ойноп, бишкектик «Алга» жана «Дордой» командаларында ойногон. Ал 2021-жылдын сентябрь айында Кыргызстандын курама командасында дебют жасаган.


Бүгүнкү күндө Transfermarkt дарбазачыны 300 000 еврого баалаган. Ата мекендик футболчунун максималдуу баасы немис басылмасы боюнча 350 миң еврого жеткен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн