Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:56
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстандын волейбол боюнча кыздар командасы Борбор Азия чемпионатында үчүнчү орунду ээледи

22.08.2021 15:26
976
Кыргызстандын волейбол боюнча кыздар командасы Борбор Азия чемпионатында үчүнчү орунду ээледи


Кыргызстандын волейбол боюнча кыздар командасы Борбор Азия чемпионатында үчүнчү орунду ээледи. Бул туурасында өлкөнүн Волейбол федерациясы билдирди.


Маалыматка ылайык, улуттук команда алгачкы беттешинде казакстандык атаандаштарына утулуп калган. Андан кийин Тажикстанды утуп жарым финалга чыккан. Бул мелдеште Өзбекстан менен кез келип, тилекке каршы, жеңилүү ызасын тартты. Натыйжада кыздар командасы үчүнчү орунга ээ болду. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын эркектер командасы кечээ жарым финалда Өзбекстанды утуп алган. Бүгүн кечки саат 17:30да Казакстандын волейболчулары менен баш байге үчүн ат салышат.

Волейбол боюнча Борбор Азия чемпионаты Өзбекстандын Фергана шаарында өтүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн