Кыргызстандык авиакомпаниянын Airbus 300 учагы Макао аэропортуна чукул конууга мажбур болду. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги билдирди.
Окуя 2021-жылдын 11-ноябрында болгон. Учак асманга көтөрүлгөн, бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин учкучтар авариялык конууну суранышкан.
Анткени, учактын майы агып кеткени белгилүү болгон.
Макао аэропортунда учак ийгиликтүү конгон. EX-30001 номерлүү Airbus 300 учагы Кыргызстанда катталган KAP KG авиакомпаниясына таандык.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн