Бүгүнкү күнгө карата 57 мамлекеттен дагы 7812 кыргызстандык жаран мекенине кайтып келүүнү каалайт. Бул тууралуу тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев 7-июлдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, бул кыргызстандыктар ТИМдин чет мамлекеттердеги мекемелерине кайрылышкан.
"Биз алар менен дайыма байланышта болуп, жардам берүүнү улантып жатабыз", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн