Кыргызстанга Абхазия жана Армения өлкөлөрүнөн мыйзамсыз кирген унааларга рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен кирген унаалар 3 этап менен каралып, 1-этапта документтери таза унаалар мыйзамдаштырылат, 2-этапта техникалык абалы өтө жакшы унааларга документ берилет, ал эми 3-этапта абалы начар, тийиштүү документтери таптакыр жок унааларды мамлекеттен сыртка алып чыгуу же тетик катары сатуу жол-жобосу караштырылат.
"Бажы кызматы менен бирге 2025-жылдын июнь айына чейин аталган унааларды мыйзамдаштыруу максатында рейд жүргүзүлөт. Рейддин алкагында биздин кызматкерлер чет өлкөлүк номерлүү автоунааларды токтотуп берет, ал эми Бажы кызматкерлери унаанын документин бирдиктүү базадан текшерет. Эгер мыйзам бузуу катталса, унаа айып короо жайына киргизилет", - деп кошумчалады ал..
Белгилей кетсек, болжолдуу эсептөөлөр боюнча Кыргызстандын аймагында бүгүнкү күндө мыйзамсыз кирген 15 миңден ашуун чет өлкөлүк номерлүү унаалар бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн