Бугу 02, 2024
Убакыт: 10:41
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Кыргызстанга Ислам өнүктүрүү банкынын эксперттик миссиясы келет

20.07.2023 09:47
681
Кыргызстанга Ислам өнүктүрүү банкынын эксперттик миссиясы келет


Үстүбүздөгү жылдын 24-июлунан 28-июлуна чейин Кыргызстанга Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) эксперттик миссиясы келет. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Жидда шаарында ИӨБнүн президенти Мухаммед бин Сулейман Аль-Жассер менен болгон жолугушууда айтылды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, Кыргызстандын аймагында Ислам өнүктүрүү банкы менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2023-2027-жылдарга карата Кызматташуу стратегиясын иштеп чыгуу жана тез арада кол коюу зарылдыгын баса белгиледи. Президент 2022-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн Араб координациялык тобунун мүчөлөрүнүн катышуусундагы Төртүнчү тегерек столдун жүрүшүндө Ислам өнүктүрүү банкына өткөрүлүп берилген бир катар конкреттүү долбоорлорду кароону тездетүү маселесин козгоду.

Белгилүү болгондой, топтун мүчөлөрүнүн кароосуна турак жай куруу, энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл чарба тармактарында инвестициялык долбоорлор коюлган.

“Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасы жана "Корумдудан Балбай баатырга чейин 104-184,5 км Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо" долбоорлорун каржылоого өзгөчө көңүл бурулду.

Өз кезегинде Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед бин Сулейман Аль-Жассер Садыр Жапаровго биргелешкен жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Банктын Кыргызстан менен кызматташуусунун жогорку деңгээлин белгилеп, мындан ары да эки тараптуу өз ара аракеттенүү чөйрөсүн кеңейтүүгө, ошондой эле эки тараптуу мамилелерди чыңдоого даярдыгын баса белгиледи.

Мухаммед бин Сулейман Аль-Жассер жолугушууда айтылган долбоорлор боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлөрүн, алардын алдыга жылышы анын жеке көзөмөлүндө болорун өзгөчө белгиледи. Анын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 24-июлунан 28-июлуна чейин Кыргызстанга ИӨБ эксперттик миссиясы кыргыз тарап менен жогоруда белгиленген долбоорлорду ишке ашыруу маселесин талкуулоо үчүн жөнөтүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн