Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 14:11
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Кыргызстанга Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим келди

15.05.2024 09:49
197
Кыргызстанга Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим келди


Кыргызстанга Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим расмий сапар менен келди. Ардактуу конокту "Манас" аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алганын өкмөттөн кабарлашты.


Аэропорттогу флагштокторго Кыргыз Республикасынын жана Малайзиянын мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы тизилген.


Сапардын алкагында бир катар жолугушуулар пландаштырылган. Анын жүрүшүндө кыргыз-малайзиялык мамилелерди саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ар тараптуу өнүктүрүү маселелери талкууланары айтылды.


Эскерте кетсек, расмий сапардан улам Бишкек менен Чүйдөгү айрым көчөлөр жабылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн