Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:27
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргызстанга РФ Мамлекеттик Думасынын төрагасы келет

21.08.2024 11:32
495
Кыргызстанга РФ Мамлекеттик Думасынын төрагасы келет


Кыргызстанга иш сапары менен Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиевдин Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Борис Чернышов менен жолугушуусунда маалым болду.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу күн мурун Чолпон-Ата шаарында өттү.

Анда Россияга барууну пландаган кыргызстандыктар үчүн миграциялык борбор түзүү, этностор аралык байланыштарды чыңдоо жана Россиянын аймагында иштеп жана жашап жаткан кыргызстандыктардын көйгөйлөрүн чечүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Борис Чернышов Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володиндин Кыргызстанга болчу сапары тууралуу айтып берип, бул эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө маанилүү окуя боло турганын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн