Кыргызстанга Сауд Аравиясынан Royal Group компаниясынын жетекчиси Али Альрашди баш болгон бизнес делегация келди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Инвестиция министрлиги сауд бизнес өкүлдөрү менен ар кандай тармактарда бизнести өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулайт.
Мындан сырткары, инвесторлор Бишкек жана Ысык-Көлдө туризм секторун иликтеп көрөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн