Бештин айы 27, 2024
Убакыт: 01:19
USD
86.85
87.35
EUR
90.10
91.10
RUB
0.860
0.900

Кыргызстанга ак кантты импорттоого убактылуу тыюу салуу каралууда

Кыргызстанга ак кантты импорттоого убактылуу тыюу салуу каралууда


Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш кеңешинин сунушу менен дыйкандарды колдоо максатында Кыргызстандын аймагына 6 айлык мөөнөткө ак кантты ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу каралууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев белгилегендей, мында негизи максат - жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдү, дыйкандарды колдоо жана кийинки жылы дагы кант кызылчасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, сапатын арттыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. "Мамлекет тарабынан ар дайым дыйкандарды ар тараптуу колдоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп, маанилүү чечимдер кабыл алынат", - деди ал.

Мындай чечим 2024-жылдын 13-декабрында КР Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш кеңешинин отурумунда, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде айрым айыл чарба азыктарын импорттоого/экспорттоого тыюу салуу маселелерин талкуулаган жыйында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, быйыл кант кызылчасынын жалпы дүң түшүмү 870,2 миң тоннаны түзүп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 249,2 миң тоннага көп болду. Аталган көрсөткүч 120 миң тонна кант өндүрүүгө мүмкүндүк берип, өлкөнүн ички керектөөсүн толук камсыз кыла тургандыгынан кабар берет.

Натыйжада Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан айрым айыл чарба азыктарын жана жаныбарларды ташып келүүгө (импорттоого) жана ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө маселе иштелип чыгууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн