Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 08:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кыргызстанга малдын мыйзамсыз киргизилиши боюнча жооптуу кызмат адамдарына айып салынды

23.08.2024 13:54
366
Кыргызстанга малдын мыйзамсыз киргизилиши боюнча жооптуу кызмат адамдарына айып салынды


Баткенде Кыргызстанга малдын мыйзамсыз киргизилиши боюнча жооптуу кызмат адамдарына жана Өзбекстандын жарандарына айып салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай райондук ветеринардык башкармалыгы тарабынан Өзбекстандын эки жараны райондун аймагына мал жандыктарын мыйзамсыз алып киргендиги аныкталган.

Жыйынтыгында буга тиешеси бар бир канча жарандарга жана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге ветеринардык эрежелерди бузгандыгына үчүн КР Укук бузуулар кодексине ылайык, айып пул салынды:

- Өзбекстандын эки жаранына 7 500 сомдон 15 000 сом;
- Орозбеков айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматынын башчысына 23 000 сом;
- жайыт комитетинин башчысына 23 000 сом;
- Орозбеков айылдык кеңешинин депутатына 7 500 сом.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн