Теке 07, 2024
Убакыт: 04:12
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 80 тонна уйдун майы аныкталды

04.07.2024 10:50
122
Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 80 тонна уйдун майы аныкталды


Кечээ "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору Казакстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 80 тонна уйдун майын аныкташкан.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, токтотулган жүк ташуучу унаалардагы жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы, техникалык регламентине ылайык келбегендиги аныкталган. Натыйжада инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Казакстанга артка кайтарылды.

Белгилей кетсек, буга чейин дагы Казакстандан Кыргызстандга 20 тонна өлчөмүндө уйдун майы мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталып, жүк артка кайтарылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн