Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанга ун жана буудай алууга 800 млн сом бөлүнүп берилмей болду

16.03.2020 11:46
882
Кыргызстанга ун жана буудай алууга 800 млн сом бөлүнүп берилмей болду


Кыргызстанга ун жана буудай алып келүүгө 800 млн сом бөлүнүп берилет. Мындай маалыматты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-мартта маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында, учурда ун жана буудайдын тартыштыгы боюнча дүрбөлөңгө түшүп жаткан бар.


"Мен аларга айтаарым, тамак-аш боюнча эч кандай маселе болбойт. Бүгүнкү күндө бюджеттен 400 млн сом бөлүп жатабыз. "Айыл банк" 200 млн сом, РСК банк 200 млн сом бөлуп берет. Баш-аягы 800 млн сомду буудай жан ун алып келүүгө жумшалат", - деди өкмөт башчы.


Ал кошумчалагай, учурда Материалдык резервдер фондунда 60 миң тоннадан ашык буудай жана ундун запасы бар.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн