Кытая бийлиги коронавирус оорусунун рекорддук өсүшү тууралуу маалымдады. Өлкөдө өткөн суткаларда дээрлик 39 миң 791 жаңы учур аныкталган.
Алардын ичинен 3 709у - белгилери билинген, 36 082си - белгилери билинбеген учурлар. Мындан тышкары бир адам каза болгон.
Ошентип Кытайда COVID-19ду жугузуу учурлары 271 159га чейин өсүп, ал эми адам өлүмүнүн саны 5 233кө жеткен.
Өлкөдө төрт күн катары менен коронавирус илдетине чалдыгуунун рекорддук саны катталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн