Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 04:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кытайда беткапты кымбат саткандарга чара көрүлөт

29.01.2020 15:52
715
Кытайда беткапты кымбат саткандарга чара көрүлөт

 


Кытайда медициналык беткаптарды кымбатка сатууга тыюу салынды. Пекиндин рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкармалыгы коронавируска байланыштуу беткаптарды кымбат баада саткан дарыканага 432 миң доллар өлчөмүндө айып пул салмакчы болду.


Аталган департамент 23-январдан тарта шаардагы дары-дармек, азык-түлүк жана беткаптын баалары боюнча текшерүүлөрдү жүргүзгөн жана товарларды кымбат саткан мекемелерге 31 иш козголгон.

Алардын арасында Фэнтай районундагы "Jimin Kangtai" дарыканасы беткаптарды 6 эсеге кымбаттатып саткан. Кытайдын Рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкармалыгы аталган дарыканага 432 миң доллар айып пул сала тургандыгы тууралуу билдирүүсүн жиберген.


Шаардын бийлиги өзүнүн жарандарын азык-түлүккө же башка товарларга болгон баанын жогорулашын байкаган учурларда ыкчам байланыш линияларына чалууга чакырууда.


Ал эми Кыргызстандын дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти ири фармацевтикалык фирмалардын жана дарыкана түйүндөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда ыкчам жыйын өткөрүп, медициналык беткаптардын, вируска каршы дарылардын баасын көтөрбөөгө чакырды. Ошондой эле дары-дармектерди экспортко чыгарбоону эскертти.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн