Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кытайды “кылчылдаткан” жаңы вирус канчалык кооптуу?

21.01.2020 13:24
736
Кытайды “кылчылдаткан” жаңы вирус канчалык кооптуу?

Кытайда жаңы короновирус эпидемиясы жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө аталган өлкөнүн ири шаарларында (Пекин, Ухани, Шанхай, Гуандун профинциясы) 200дөн ашуун бул ооруга чалдыккан учурлар катталган. Ошондой эле 14 медицина кызматкерлери өздөрүнө жугузуп алганы айтылууда. Вирус Кытайдын чегинен чыгып Түштүк Корея, Япония жана Таиландга тарагандыгы белгилүү болду.

Мамлекеттик санэпидкөзөмөл жана ооруну айыктыруу департаментинин эпидемия бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаеванын “Кабар” агенттигине берген маалыматына караганда бул жаңы вирус Кыргызстанга келбейт дегенге кепилдик жок. “Азыркы учурда адистер иштеп жатышат жана бардыгы көзөмөлдө” деп билдирген ал.

Аталган мекеме жарандардын этият болушун жана эпидемиялык эрежелерди сактоосун өтүнөт. Кытайга барган жана ал жактан келген жарандар жогоруда айтылган оорунун белгилери менен ооруп калышса, ооруканаларга кайрылуусун жана дарыгерге Кытайдын кайсы жеринде болгондугун так айтып бериши керек. 

Эпидемиологтордун айтымында бул вирус жан-жаныбарлардан адамга жугушу мүмкүн. Кытайлык эпидемиолог Чжун Наньшан жаңы типтеги короновирус SARS менен окшош болгондугуна карабастан, бул таптакыр башка вирус болуп эсептелет дейт. Учурда бул вирус жайылып баратат, бирок  SARSга караганда анын жугуштуулугу төмөн. Кытай эксперти жөнөкөй эле маска вирустун дем алуу жолдору менен жугушун жокко чыгарат деп белгилейт.

Буга байланыштуу 22-январда Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өзгөчө кырдаалдар комитети  чукул жыйынын өткөрүп, бул вирустун эл аралык масштабда жайылып кетүүсү мүмкүндүгүн карамакчы.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн