Бугу 03, 2024
Убакыт: 04:57
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Кытайлык инвестор Сузакта 100 млн долларлык долбоорду ишке ашырат

15.11.2023 12:08
350
Кытайлык инвестор Сузакта 100 млн долларлык долбоорду ишке ашырат


Кытайлык инвестор Сузакта 100 млн долларлык долбоорду ишке ашырат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев Кытайлык инвестор Ванг Ченгвен менен жолугушту. Анда облустун Сузак районунун аймагына баасы 100 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү инфестициялык долбоорлорду ишке ашыруу камтылган эки тараптуу келишимге кол коюлду.

Мында район аймагына курулуш материалдарын чыгаруучу заводдор, Көк-Арт дарыясында дамба салуу, көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландары мерчемделген.

Облус башчысы район-шаарлардын социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, элге шарт түзүү багытындагы пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар экенин белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн