Теке 03, 2024
Убакыт: 02:13
USD
86.10
87.00
EUR
92.20
93.20
RUB
0.960
1.010

Китепканачылардын айлыгын көтөрүү сунушталды

11.03.2020 10:18
1418
Китепканачылардын айлыгын көтөрүү сунушталды


Кыргызстан боюнча жалпысынан 1063 китепкана бар, алардын 51и Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караса, калганы жергиликтүү бийликтин көзөмөлүндө. Мындай маалыматты аталган Министрликтин жетекчисинин орун басары Нуржигит Кадырбеков бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.


Учурда парламентте "Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралууда.


Нуржигит Кадырбековдун айтымында, министрлик тарабынан "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун негизинде китепканалардын кадыр баркын көтөрүү, китепканачылардын айлык маяналарын жогорулатуу, алардын ишин жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.


"Азырынча биз улуттук статусу бар китепканалардын айлыгын көтөрөлү деп атабыз. Катардагы кызматкерлердин айлыгы азыр 4000-4500 сом, жетекчилердин айлык акысы 9 миң сомду түзсө, аны 17 миң сомго көтөрүү каралууда. Каржы министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул мыйам кабыл алынса айлыкка 10 сомдон кошулуп калат. Калган китепканалардын ишин этап этабы менен жакшыртабыз деген пландар бар", -  деди орун басар.


Ошондой эле, ал "Бир адамдан бир китеп" долбооруну алкагында 19 миллион китеп чогулганын, анын 6 миллиону Улуттук китепканага берилгенин айтып, 152 китепкана жаңыланганын кошмчалады.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн