Жетинин айы 07, 2024
Убакыт: 10:23
USD
86.05
86.55
EUR
92.00
93.00
RUB
0.870
0.910

Кийинки жылы өлкөдө трансформаторлор боюнча көйгөй болбойт, - министр

04.10.2024 11:52
197
Кийинки жылы өлкөдө трансформаторлор боюнча көйгөй болбойт, - министр


Кийинки жылы өлкөдө трансформаторлор боюнча көйгөй болбойт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында билдирди.


Ал белгилегендей, бардык 56 бөлүштүрүүчү аймактарда трансформаторлор оңдолду.


«Учурда бардык бөлүштүрүүчү аймактарда авариялык кырдаалда бештен запастык трансформатор бар. Мындан тышкары 58 миллион долларга 1 миң трансформатор сатып алуу боюнча сынак өткөрүлдү. Анын 25 миллион доллары грант, 8 миллиону швейцариялык грант, дагы 25 миллион доллары кредит. Буга чейин бул келишимди депутаттар жактырган. Бул акчага биз тендер өткөрүп, азыр 600 миң эсептегич жана 1 миң трансформатор сатып алууга кол коюу стадиясында турабыз. Келерки жылы эч кандай көйгөй болбойт», - деди ал.


Мындан тышкары, Энергетика министрлигинин башчысы өлкө 2027-жылга чейин электр энергиясын импорттоодон толук баш тартууга даярданып жатканын белгиледи.


Жыйында министр энергетика тармагындагы абал жана «Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө» Президенттин жарлыгынын аткарылышы тууралуу маалымат берет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн