Бугу 04, 2024
Убакыт: 09:55
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кызыл-Кыя ШИИБ: 2015-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран Польшада кармалды

16.02.2024 11:45
520
Кызыл-Кыя ШИИБ: 2015-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран Польшада кармалды


Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмү тарабынан 2015-жылдан бери каракчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн жаран Польшада кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

А.М. аттуу Кыргызстандын жараны үстүбүздөгү жылдын 9-февралында "Любачув" көзөмөл-өткөрүү пунктунда Польшанын Интерполу тарабынан КР ИИМдин Интерполунун өтүнүчү менен колго түшкөн.

"Аталган адам жана дагы үч жаран биргеликте белгисиз үлгүдөгү автомат менен Ж.Ы. аттуу адамдын башкаруусундагы Honda CRV үлгүсүндөгү унааны токтотушуп, өлтүрөм деп коркутуп, жабырлануучунун 1 млн 30 миң АКШ долларын ээлеп алышкан. Окуя 2015-жылы Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында болгон. Кийинчерээк кылмышка шектелген үч жаран кармалып, төртүнчү кылмышка шектүү белгисиз тарапка качып кетүүгө үлгүргөн", - деп айтылат маалыматта.

Учурда КР органдары тарабынан кармалган жаранды экстрадициялоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн