Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кызыл-Кыя милициясы күн сайын сууга түшпөө тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө (фото)

14.07.2021 15:23
2173
Кызыл-Кыя милициясы күн сайын сууга түшпөө тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө (фото)

Кызыл-Кыя шаардында күн сайын эскертүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


      Кызыл-Кыя ШИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан шаар аймагындагы жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоодо COVID-19 илдетин алдын алууда жана аны жайылып кетпөө, ошондой эле сууга чөгүү фактыларын болтурбоо жана алдын алуу максатында алгылыктуу иштер жүрүүдө. 


     Шаар аймагындагы эл көп топтолуучу жайларга жергиликтүү милиция бөлүмүнүн атайын эскертме кагаздары чыгарылып, керектүү жайларга чапталып, калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Жыл башынан бери шаар аймагында жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү 1-фактысы катталган. Ушундай көрүнүштөргө жол бербөө максатында эскертме кагаздары илинип жана алдын алуу иштери күчөтүлүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн