Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 00:36
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Кызыл-Кыя шаарында 8 айда 5 экстремисттик факт катталган

27.08.2021 09:28
417
Кызыл-Кыя шаарында 8 айда 5 экстремисттик факт катталган

Кызыл-Кыя шаарында экстремизмдин алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Кызыл-Кыя шаарында 24-26-август күндөрү шаар активисттерине, имамдар, квартал комитеттерине терроризм жана экстремизмдин алдын алуу боюнча жыйналыштар өткөрүлдү. 


Бул иш-чаранын максаты улуттар арасындагы кастыкты козутпоо, ынтымакты бекемдөө, диний экстремизм, терроризмдин алдын алуу, провокациялык чакырыктарга жол бербөө, ошондой эле жаңыдан өсүп келе жаткан жаштарга туура тарбия берүү.


Жыйынга катышкан жергиликтүү бийликтин өкүлдөру, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси жана тийиштүү кызматкерлери, шаардык казыяттын имамы жана укук коргоо кызматынын жетекчилери эл тарабынан берилген суроолорго жооп берди.


Кызыл-Кыя шаар аймагында 2021-жылдын 8 ай ичинде экстремизмге байланышкан 5 факт катталып, тийиштүү чечимдер кабыл алынган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн