Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 06:36
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кызыл-Кыя шаарында банк картасын уурдап, ичиндеги 90 миң сомду чечип алган жаран кармалды

28.04.2023 16:19
675
Кызыл-Кыя шаарында банк картасын уурдап, ичиндеги 90 миң сомду чечип алган жаран кармалды

Кызыл-Кыя шаарында банктык карточкасын белгисиз атуул жашыруун түрдө уурдап алган жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 


 Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 27-март күнү болжол менен саат 13:40 чамасында Кызыл-Кыя шаарындагы орто мектептен Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 54 жаштагы М.О.П өзүнүн кабинетинде отургучта илинип турган сумкадагы банктык карточкасын белгисиз атуул жашыруун түрдө уурдап алып, аталган карточканын ичиндеги 90 000 (токсон миң сом) акчасын чечип алгандыгы аныкталган.

            Бул факты Кыргыз Республикасынын КЖКнин 205-бер. 3-б. 5-п менен кылмыш иши козголгон.

             Көрүлгөгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Кызыл-кыя шаарынын тургуну 37 жаштагы Х.А. кармалып, тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда келтирилген 90000 (токсон миң) сом зыян калыбына келтирилип, жабырлануучу М.О.П кайтарылып берилген. Азыркы күндө кылмыш иш тергелүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн