Бугу 12, 2024
Убакыт: 19:09
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кызыл-Кыя шаарында ысырапкорчулук боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

02.03.2022 09:49
1098
Кызыл-Кыя шаарында ысырапкорчулук боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Кызыл-Кыя ШИИБнин начальниги элдер менен жолугушууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

   

 Кызыл-Кыя ШИИБнин начальниги милициянын полковниги Нурлан Бурканов милициянын көчмө кабылдамасы менен шаар аймагындагы жашоочулар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угуудан.

 

   Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун үрп адаттарды кармоодо, маркумду көмүүдө ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан Жарлыгын элге жеткирип, элдин социалдык жана экономикалык жактан ашыкча чыгымдар зыянга алып келерин түшүндүрүүдө.  Ошондой эле шаар тургундарын коомдук тартипти сактоону, үй-мүлктөрүнө сак болуусун эскертип өттү. Мындан сырткары үй-бүлөлүк зомбулуктар, жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун алдын алуу жана ага жол бербөө максатында коргоо ордерлери берилген үй-бүлөлөргө жолукту. 

   

  Милициянын көчмө кабылдамасы менен эл аралап, профилактикалык иштерди жасап жүргөн Кызыл-Кыя ШИИБнин начальниги Нурлан Бурканов оозеки түрүндө 4 кайрылуу, 2арыз кабыл алды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн