Бугу 11, 2024
Убакыт: 16:23
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кызыл-Кыя шаарында өткөн рейддин натыйжасында 4 ата-энеге айып пул салынды

25.04.2022 11:04
641
Кызыл-Кыя шаарында өткөн рейддин натыйжасында 4 ата-энеге айып пул салынды

Кызыл-Кыя шаарындагы “Селсаяк” иш-чарасынын жүрүшүндө 4 ата-энеге айып пулдар салынды. 


Облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей,    Кызыл-Кыя шаар аймагында милиция кызматкерлери “Селсаяк” иш-чарасын өткөрүп, базарларда, чоң соода борборлордо тилемчилик кылып жүргөн же болбосо туруктуу жашаган жери жок жер төлөлөрдө жашап жүргөн, кароосуз калган жарандар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүштү. Өз алдынча мектепке барбай көчөлөрдө, базарларда, интернет клубтарда жүргөн мектеп окуучулары аныкталып, балдар менен иштөө инспекторлору тарабынан 24 сунуш мектептерге жөнөтүлдү. Ошондой эле шаар аймагындагы коомдукту тартипти сактоо, кылмыштуулуктардын алдын алуу максатында милиция кызматкерлери тармактар боюнча иш алып барды.


      “Селсаяк” иш-чарасынын жыйынтыгында жалпысынан Кыргыз Республикасынын укук бузуу жөнүндө кодексинин негизинде 55 протокол түзүлүп, анын ичинен 4 протокол ата-энелик милдеттерден качуу беренеси боюнча ата-энелерге карата түзүлүп, айып пулдар салынды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн